Элчилик: «Москвадагы массалык мушташка Кыргыз жарандары катышкан эмес»

Москвада мигранттардын катышуусундагы кезектеги башаламандык тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылып жаткан маалымат тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалымат жарыялады.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, 27-августта Москванын Бауман көчөсүндөгү массалык мушташка Кыргыз жарандары катышкан эмес. Ошол эле учурда окуяны териштирүү иштеринин алкагында 50дөй Орусиянын жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жарандары милиция бөлүмүнө жеткирилген. Анын ичинен 19 Кыргыз жараны административдик жоопкерчиликке тартылган. 27-августтагы Адмирал Корнилов көчөсүндө жайгашкан хостелде чыккан массалык мушташка да Кыргыз жарандары аралашкан эмес», — деп жазылат элчиликтин маалыматында.