Элчилик: Орусияда Кыргыз жарандары тарабынан баңгизатка байланыштуу кылмыштар көбөйүп жатат

Иллюстрация

Кыргыз жарандары тарабынан Орусиянын аймагында жасалып жаткан баңги заттарды сактоо, сатуу жана ташуу менен байланышкан кылмыштардын саны акыркы жылдары көбөйүп жатат. Буга байланыштуу өзгөчө тынчсыздануусун Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен билдирүү таратышты.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштарды жасаган 224 Кыргыз жаранына карата 327 кылмыш иши козголсо, 2020-жылы Кыргызстандын 151 жаранына карата 191 кылмыш иши козголгон. Орусиянын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын белгилешет. Антсе да Кыргыз жарандары билбестиктен кылмыштуу аракеттерге барган учурлар да бар. Көбүнчө булар «закладчиктер», тагыраак айтканда курьер болуп жумушка киргендер же социалдык түйүндөр, мессенжерлер аркылуу товар ташуу кызматын көрсөткөндөр.

«Закладка» деген эмне? Бул — таңгакталган баңги заты. Аны каткан адам «закладчик» болуп саналат.

Элчилик эскертет:

— «Жеңил/оңой» акча өтө кымбатка түшөт.. Жаш мекендештердин жана алардын жакындарынын тагдыры  талкаланат.
— Жасалган кылмыш үчүн жазанын сөзсүз болушун эстен чыгарбоо керек. Баңги затын тараткандык үчүн жаза иштин жагдайына жараша жана Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык 4 жылдан 20 жылга чейин жаза күтөт. Эркинен ажыратуунун орточо мөөнөтү – 7 жыл, эң көп мөөнөтү – өмүр бою эркинен ажыратуу.
— Орусияда жүргөн туугандарга жана досторго чалып, жасалган кылмыштын кесепеттерин эскерткиле.