Элчилик Орусияга уча турган жарандар коронавируска тест тапшыруусу керектигин эскертти

Орусияга аба аркылуу каттаган кыргыз жарандары сөзсүз COVID-19го тест тапшыруусу керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
«Орусиянын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин 2020-жылдын 18-мартындагы №7 Жарлыгына ылайык, өлкөгө аба аркылуу кирген Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандарына, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына карата Орусиянын аймагына келгенге чейин эки күн мурун жүргүзүлгөн COVID-19 лабораториялык анализинин терс жыйынтыгын көрсөтүү талаптары дагы деле күчүндө.
Ушуга байланыштуу, Орусияга келүүнү пландап жаткан Кыргыз жарандарын жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын сактоого чакырабыз», — деп жазылат маалыматта.