«Элдик кабарчы»: «Кадамжайда сел жүрүп, электр мамычаларды кулатты» дейт тургун

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Кадамжай районундагы Совет айыл аймагынын тургуну кайрылып, кечээ, 26-июлда сел жүргөнүн билдирип, видео менен бөлүштү.

Маалыматка караганда, селдин күчү унаа агызгандай болгон. «Электр мамыларын кулатып, зымдар үзүлдү. Сайдагы бак-дарактын баары жууп кетти. 1-2 унааны агызды»,- деди ал.