«Элдик кабарчы»: «Күрмөнтү менен Балбайда сел жүрүп, картошканы жууп кетти» дейт тургун

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылынын тургуну видео менен бөлүшүп, кечээ, 31-июлда болжол менен саат 21:00 чамасында сел жүргөнүн билдирди.

«Чабылган чөптөрдү агызып, картошкаларды жууп кетти«,- деди ал.

ӨКМден редакцияга маалыматты тастыкташты. «Такталган маалымат боюнча, саат 21:00 чамасында Балбай айыл аймагындагы Күрмөнтү айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, Чоң-Ордош, Жылаңач Булак коктуларынан келген сел суулары Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 180-183- чакырым аралыктарын каптап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан. Ошондой эле Балбай айыл аймагынын 6 гектар айдоо аянттарын каптаган. Жерине маалыматты тактоо максатында аким, райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана тазалоо иштерине №4 ЖТИден 1 бирдик бульдозер, МТЗ трактор тартылып, унаа жол толугу менен тазаланып, унаалар тоскоолдуксуз эки тараптуу өтүүдө. Ал эми айдоо аянттары боюнча маалыматтарды 1-август күнү тактоо иштери жүргүзүлөт»,- дешти.