Элдик курултайга Чаткалдан келген делегат «биз шайлаган депутат басып да барбайт» деп агынан жарылды

Элдик курултайга Чаткалдан келген делегат «биз шайлаган депутат басып да барбайт» деп агынан жарылды.

«Бизде элдин саны аз. Жогорку Кеңешке өз көйгөйлөрдү жөнөтөбүз, бирок эч жетпейт. Ала-Бука менен биригип, Жогорку Кеңешке депутат шайлайбыз, ал 2005-жылдан бери шайланат, бирок Чаткалдын маселесин көтөрүп койгон адам жок. Ал адамды биз 10 жылда бир көрөбүз, басып да барбайт. Бул маселени эмне кылабыз. Ушул маселени жеринен чечип бериңиз, андай болбосо, мен кетпейм», — деди ал.