Элдин жардамына муктаж 15 жаштагы эне. Ал “Тиктоктон таанышкан жигит зордуктап, төрөдүм” дейт

Мындан бир-эки күн мурда интернетте мечиттин алдында колуна жаңы төрөлгөн наристесин кармап, кайыр сураган 15 жаштагы кыздын сүрөтү тараган. Али кыркы чыга элек баласын колуна көтөрүп, элден жардам суроого аргасыз болуп турган өспүрүм зордукталганын айтат. Самара (аты өзгөртүлдү) учурда жардамдын бардык түрүнө муктаж.

«Мен Тикток тартчумун, ал жактан мага тапшырма келген. Ошону аткарайын деп жаткам. Үйгө кирерим менен эшикти илип, мени чыгарбай койду. Колумдан байлап, мени зордуктады. Ал 25 жашта экен, менин 14 жашта экенимди билчү. Зордукталган үйдөн эч кимге айтпайм деп суранып жатып чыккам. Кийин милицияга кайрылдым», — деди ал.