Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Бүгүн, 6-декабрда «Элечек, кыргыз аялдарынын баш кийими: салттуу билим жана ырым-жырымдар» ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди.

Уюмдун маалыматына караганда, чечим 2023-жылдын 4-9-декабрында Ботсвананын Касане шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 18-сессиясында бир добуштан кабыл алынган.

Бул номинацияны даярдоо боюнча иштерди Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Миң Кыял” коомдук фонду, ЮНЕСКО туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан 3 жыл даярдалган жана 2021-жылы көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине дүйнө жүзүндөгү 705 маданий мурас киргизилген.