Энергетика жана өнөр жай министрлиги өткөн айда электр кубатына жаңы тарифтерди сунуштап, долбоор коомдук талкууга коюлган. Эми долбоорго өзгөртүүлөр киригизилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Коомдук талкуу учурунда көптөгөн сунуш-пикирлер түштү. Көпчүлүгү быйыл электр жарыгын кымбаттатпоону өтүнүүдө. Президент Садыр Жапаров дагы эл үчүн 2021-жылы тарифти сактап берүүнү сунуштады»,- деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам сунуштарды эске алуу менен долбоор кайрадан иштелип чыкты:
Калк үчүн бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет;
Бийик тоолуу аймакта жана шарты катаал жерлерде жашагандар үчүн чектөө коюлбайт, жыл бою мындагылар 0,77 сомдон төлөшөт.
Насос станциялары:
- суу чыгаруу менен алектенген станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
- электр транспорту, балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
- башка мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 2,52 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
- Майнинг-фермалар, алтын, металл иштеткен фабрикалар жана ичимдик өндүргөн ишканаларга бир киловатт-саат электр энергиясын 2,52 сомдон сатуу сунушталып жатат. Бирок белгиленген коэффициенттен ашып кеткен учурда 5,04 сомдон төлөшү керек болот.