Электр энергиясынын төлөмү жазылган дүмүрчөктөр элди чочутту

“Түндүк электр” ишканасы декабрь айынын дүмүрчөктөрү менен кошо керектөөчүлөргө график жөнөткөнү талкууга алынууда. Графикте энергетикалык системага максималдуу жүктөм туш келген сааттар көрсөтүлгөн. Ошол убакта ишкана керектөөчүлөрдөн электр жылыткычтарды өчүрүп турууну суранган.

Буга чейин бир канча бийлик өкүлдөрү электр энергиясын колдонуу лимиттен ашып кетип жатканын, мындан улам авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн экенин айтып, коңгуроо кагышкан болчу. Муну көпчүлүк бир кездеги маал-маалы менен жарыкты өчүрүүлөр башталганы жатат деп кабыл алышкан. Жогорудагы дүмүрчөктөр да бул кооптоонууну күчөтүп жатат.