«Электр станциялары» ишканасына жаңы башкы директор дайындалды

«Электр станцияларында» жетекчи алмашты. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Кыргызстандагы эң ири өндүрүүчү компания «Электр станциялары» ишканасына жаңы башкы директор болуп Осмон Качкынбаев дайындалды. Ал бул кызматка ден соолугуна байланыштуу төрагалыктан кеткен Айбек Айдаралиевдин ордуна келди.

Качкынбаев Осмон Кененбаевич 1977-жылы туулган, билими жогорку, адистиги боюнча инженер-гидротехник. Энергетика тармагындагы эмгек жолун «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКда мастердин жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган. Мурдагы иштеген жери – “Электр станциялары” филиалынын директору – Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2.