«Элиме душман эмесмин». Депутат «катуу нанды жеп, арыктан суу ичип эле чоңойгонбуз» дегени боюнча түшүндүрмө берди

Депутат Айгүл Айдарованын комитеттик жыйында «Катуу нанды жеп, арыктан суу ичип эле чоңойгонбуз» деп айтканы коомчулуктун талкуусуна түштү. Эл өкүлү чынында бул сөзү менен эмнени айткысы келди? Өзү жооп берди.

«Мен эч качан элиме душман болгон эмесмин. Депутат болуп келгенде эле 7 сомдук тамак боюнча маселени мен көтөргөм. Ошондо 7 сомдон 20 сомго көтөрүүнү сурангам. 

Комитетке 7 сомдон 14 сомго көтөрөбүз деп келишти. Азыр бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Азыр 14 сомго эмне тамак келет? «20 сомго качан көтөрөсүңөр?» десек, 2025-жылы экенин айтышты. Эгер ал учурда да баалар кымбаттап кетсе, 7 сом менен 20 сомдун кандай айырмасы болот? 

Мага видео маалымат 1 ай мурда келген болчу. Таластагы бала бакчадагы мугалимдин бирөө андагы тамакта курт бар экени тууралуу видео берген. Мен маалымат топтогуча 1 ай болду. Убакытты пайдаланып айттым», — деди ал.