Элмирбек Иманалиевдин атын Киев көчөсүнө ыйгаруу боюнча мэрияга кат жөнөтүлдү

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин ысымын Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө ыйгаруу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу демилгечилердин бири Алмаз Абдисияев социалдык тармактадагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, Абдисияев бул маселени Элмирбек Иманалиев каза болгондон бери эле көтөрүп келгенин, эл тараптан колдоо болгону менен шаар бийлиги тарабынан тийиштүү реакция болбой жатканын айткан.

“Киев көчөсүнүн атын Элмирбек Иманалиев атындагы көчө деп өзгөртүүнү сунуштап жатам. Башында социалдык тармак аркылуу демилгелегем. Бирок тийиштүү реакция болгон жок. Буга байланыштуу расмий түрдө Бишкек шаардык кеңешине жана мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетовго кат жолдодум”, – деген Абдисияев.

Буга чейин акындын ысымы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 конушунун көчөсүнө жергиликтүүлөрдүн демилгеси менен коюлган болчу.