“Элмирбек өлгөн жок, тирүү. Артында шакирттери турганда ал эч качан өлбөйт” дейт жубайы

Кечээ, 17-январда маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналган “Төкмө келсе төр бошот” аталышындагы акынды эскерүү кечеси орун алды. Анда белгилүү төкмөлөрүн баары келип, акынды жоктоп, анын мыкты мүнөздөрүн айтып, эскеришти.

Иш-чарага акындын жубайы да келип, ал төмөнкүлөргө токтолду.

“Элмирбектин биринчи фанаты мен болчумун. Ал катышкан айтыштарды калтырчу эмесмин. Минтип эскерүү кечесине келип калам деп эч ойлобоптурмун. Азыр ал баштап кеткен ишти шакирттери улантып жатат. Элмирбек өлгөн жок, тирүү. Артында ушундай шакирттери, эли турганда ал эч качан өлбөйт”, — деди жубайы.

Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертинен репортажды төмөндөгү шилтеме аркылуу көрө аласыз.