Райымбек Матраимовдун тарапташтары Бишкекте митинг уюштурушат

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Элнура Алканова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары УКМКнын алдына саат 14:30да чогулушарын Фейсбуктагы баракчасынан видеокайрылуу аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Матраимовдун тарапташтары мыйзамдуулукту талап кылып, УКМКнын алдына чогулушат.

«Достор, азыр маалыматтар бизге келип жатат, Матраимовду сотко алып барып эки айга камашат экен. Биз, Райымбек Матраимовдун тарапташтары, УКМКнын алдында саат 14:30га чогулуп атабыз. Кайдыгер болбогон тарапташтарды чакырабыз. Тынчтык жолу менен мыйзамдуулукту талап кылабыз”, – дейт Алканова.

Кечээ, 18-февралда Райымбек Матраимов УКМК тарабынан кайра камакка алынган болчу. Матраимовго кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып коюлгандыгы айтылган.