Эльвира Сурабалдиева: «3 миллиарддап уурдап, кол чабуулар менен кетип жатат»

Депутат Эльвира Сурабалдиева 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик кызматкерлердин арасында коррупционерлер бар экенин айтты.

«Ушундай эле көрүнүш Салык кызматында болду. ЭТТН деп ар бир тыйынын сыгам деп коюп өзү 3 миллиарддап уурдап жатат. Унчукпай, кол чабуулар менен кетип жатат»,— деген ал ишкерлер бизнесин Казакстан менен Өзбекстанга көчүрүп жатканын айтты.