«Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынак 22-24-сентябрда Бишкек шаарында өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан 111 талапкер катышып, 18 номинация боюнча күч сынашты.
Сынактын жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К.Үмүталиев атындагы №22 «Долон» мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асанова Элзат Бакытовна баш байге ээси — «Жылдын мыкты мугалими» деп табылды. Сынактын республикалык этабы 3 тур менен өттү.