Эмдөөдөн кийин тромбоз пайда болушу мүмкүнбү? Дарыгер жооп берет

Улуттук онкология жана гематология борборунун гематология бөлүмүнүн башчысы Ормонбек Жакыпбаев маалымат жыйында эмдөөдөн кийин тромбоздун пайда болуу коркунучу тууралуу айтып берди.

Ал эл аралык тажрыйбага таянуу менен, эмдөөдөн кийин айрым адамдарда терс көрүнүштөр пайда болушу мүмкүн экендигин белгиледи. Антителолор тромбоцит клеткаларынын кабыкчаларындагы белокторго чырмалышып, кандын коюлануусуна алып келет, бирок ага карабастан эмдөөнүн организмге тийгизген пайдасы жогору турарын кошумчалады.

«SARS-CoV-2 вирусуна каршы спецификалык антивирустук дарынын бүгункү күндө дүйнө жүзүндө жок болгондуктан, калкты эмдөө гана COVID-19 оорусунан коргоонунун жападан жалгыз чарасы болуп эсептелет. Азыркы күндө АКШ, Улуу Британия, Германия, Израиль сыяктуу өнүккөн мамлекеттердин калкынын 70 пайыздан ашыгы эмдөөдөн өтүштү, бул коллективдүү иммунитеттин пайда болушун негиздейт”, — деди ал.