Саламаттыкты сактоо министри коронавирус жуктуруп алды. Эмдөөдөн өткөнү эмне болду?

Эмдөөдөн өткөн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус илдетине чалдыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү ырастады.

«ПЦР-тесттин жыйынтыгы боюнча тилекке каршы вирус бар деп көрсөттү. Үч күндөн бери тамагым, башым ооруп жаткан. Учурда жумуш ордунда элемин. Кабинетимден сыртка чыкпай отурам, аралыктан иштеп жатам десем да болот. Вакцина алганым чын, бирок ал ооруну жуктурбайт деген кепилдик бербейт», — дейт министр Бейшеналиев.

Учурда ал уу-коргошун менен дарыланып жаткандыгы маалым болду.