Эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаттардын сатылышы. Министрлик кызматтык иликтөө жүргүзөт

Саламаттыкты сактоо министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында COVID-19га каршы эмдөө сертификаттарын сатылышы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бардык жооптуу адистердин катышуусунда коронавирус инфекциясына каршы эмдөө кампаниясынын жүрүшү боюнча чукул жыйын өткөрдү. Министр журналисттик иликтөөдө айтылган фактылар боюнча комиссия түзүп, кыска мөөнөттө кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Жыйынтыгында күнөөлүүлөргө кызматтан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары көрүлүп, андан соң материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Кечээ вакцина алды делген жалган сертификат жасагандардын жүзүн ачкан журналисттик иликтөө чыкты. Анда вакцина сайбастан, жалган сертификат берген төрт факты далилдер менен көрсөтүлүп берилген. Ошондой эле иликтөөдө медицина кызматкерлери гана эмес, катардагы шылуундар дагы вакцина алды делген жалган документтерди жасап, саткандар тууралуу далилдер көрсөтүлөт.