Эмгек министри Интернационал айылына гуманитардык жардам тапшырды

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарына эвакуацияланган Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу медиа штабдан маалымдашты.

Жыйында министр президенттин тапшырмасынын негизинде 80 тонна ун Баткен облусуна, анын ичинен 30 тоннасы Баткен шаарына бөлүнөрүн билдирди. Кудайберген Базарбаев Интернационал айылынын тургундары менен жолугушуп, аларга гуманитардык жардам тапшырды.