Эмгек министрлиги 25 миң сом жөлөк пул берип жатабы? Расмий жооп

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктардан жөлөк пулду жогорулатуу тууралуу социалдык тармактарда тараган фейктерге ишенбөөгө чакырды.

«Сураныч, жогорулатылган жөлөкпул тууралуу шилтемени ачпаңыздар. Бул фейк маалымат. Ошентип, алдамчылар сиздин эсептериңизге же жеке маалыматтарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн. Министрликтин бардык расмий маалыматтары ведомствонун сайтында, социалдык тармактардагы жана ЖМКлардагы расмий баракчаларында жайгаштырылат. Бул учурда расмий маалымат тиешелүү жарлыктарга шилтемелер менен коштолот», — дешти.