Эмгек патенти жана миграциялык каттоосу жок жарандар Орусиядан 30-сентябрга чейин чыгып кетиши керек

Орусиянын Мигранттар Федерациясынын жетекчилиги 30-сентябрдан тарта чет элдик жарандардын Орусиянын аймагында жөнөкөйлөтүлгөн жүрүү мөөнөтү бүтөөрүн, ал узартылбай турганын жарыялады. Бул тууралуу федерациянын сайтында жазылат. 

Федерациянын президенти Вадим Коженовдун айтымында, сентябрда жүздөгөн чет өлкөлүк жарандар аталган федерациянын ишеним телефонуна кайрылып, Орусия президентинин “Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун чечүү боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” жарлыгы коронавирустук инфекциянын жайылышынын кесепеттерин жоюу мезгилинде узартылабы же жокпу сурап жатышкан. Ал белгилегендей, интернетте мөөнөттү узартуу боюнча таратылган маалыматтардын баары чындыкка дал келбейт.

Ошентип, мыйзамдуу түрдө Орусияда калуу үчүн чет элдик жарандын эмгек патенти жарактуу жана миграциялык каттоосу узартылган болушу керек. Эмгек патенти жана миграциялык каттоосу жок жарандар 30-сентябрга чейин Орусиядан чыгып, кеминде 90 күн өз өлкөсүндө жүрүүгө милдеттүү.  Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр бул мөөнөткө чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек. Болбосо, мыйзам бузгандар Орусия аймагынан чыгарылат.