Көз дарыгери Гүлайым Мамадинова 72 жашында көз жумду

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын Көз микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Гүлайым Мамадинова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ал 1951-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районун Көк-Серек айылында интеллигенция өкүлдөрүнүн үй-бүлөсүндө туулган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, алгачкы эмгек жолун 1974-1975-жылдары Ош облустук ооруканасынын базасында хирургия боюнча бир жылдык интернатурадан өтүү менен баштаган. 1978-жылы Ош облустук ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнө дарыгер-ординатор катары кабыл алынып, 1987-жылы көз оорулар бөлүмүнө бөлүм башчы кызматына дайындалып, өмүрүнүн акырына чейин алгылыктуу эмгектенген.

Гүлайым Мамадинованын Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы”, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосунун “Ардактуу кызматкери”, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери жана башка бир нече ардактуу наамдарга ээ болгон.