2026-жылдын январынан тартып өлкөдө жеке менчик автомектептер ишин токтотуп, айдоочулукка үйрөтүүнү мамлекет өзүнө алат. Бул тууралуу кечээ, 3-ноябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жана мамлекеттик номурларды тапшыруу аземинде билдирди.
Маалыматка ылайык, эми 16 жаштагы ар бир адам мамлекеттик автомектептерге бара алат. Ал эми сабактар 14 айга созулат. Мындан тышкары, муниципалдык мектептерде 11-класстын окуучуларына айдоо жана жол эрежелерин үйрөнө турган жаңы ыктыярдуу курс киргизилет.
Туманбаевдин айтымында 2026-жылдан тарта өлкөдө мөөнөтсүз берилген айдоочулук күбөлүктөр жараксыз болот. Мындай айдоочулук күбөлүктөрдү «Унаа» мамлекеттик мекемесинде алмаштырууга болот. Бирок аларды алмаштыруунун жол-жобосу тактала элек, тагыраагы бекер алууга болобу же акы төлөнөбү азырынча чечиле элек.