«Эми алыстан көрүнөт». «Тазалыктын» кызматкерлери жаркыраткыч менен камсыздалды

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын көчөдө тазалоочу болуп иштеген кызматкерлери жаркыраткыч (мигалка) менен камсыздалды. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Рамиз Алиев билдирди.

«Бул жол боюнда иштегендердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалды. Жалпысынан ишканада 670 санитардык бөлүмдүн коомдук тазалоочу кызматкери иштейт. Көпчүлүгү түн ичинде жол кыймылы аз учурда иштөөгө туура келгендиктен коопсуздук маселеси көйгөй болуп келет», — деп жазды ал.