«Эми ата-энелер балдарын аскерге кантип жөнөтөт?». Депутат аскер бөлүктөрүн текшерүү керек дейт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев бардык аскер бөлүктөрүн текшерүү керектигин айтты.

«Бардык аскер бөлүктөрүн ошол эле ИИМ, Коргоо министрлигин текшерип чыгуу керек. Комиссия түзүңүздөр. Бул системалашып калган. Жетекчилер керт башы менен жооп бериши керек. Муну көргөн ата-энелер кантип балдарын аскерге жөнөтөт?»,- деди депутат.