Эми аялдамада туруп эле коомдук транспорттун качан келерин көрүүгө болот

Бишкек шаарындагы аялдамалар жайгашкан пункттарда коомдук транспорттун аялдамага келүү аралыгы жана болжолдуу убактысы тууралуу билүүгө мүмкүн болгон QR-коддор жайгаштырылууда. Бул тууралуу  мэриядан билдиришти.

Ар бир аялдамада жайгаштырылган QR-кодду смартфондун камерасы же «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу сканерлөөгө болот. Долбоор борбор калаанын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн алкагында «Санариптик технологиялар борбору» жана «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканалары тарабынан ишке ашырылууда. Мурда коомдук транспорттун графиги аялдамаларга илинип турса, азыр анын ордуна QR-коддору бар баракчалар илинген.