Эми Бишкектеги автобус, троллейбустарда кыргыз тилиндеги анимациялык фильмдер көрсөтүлөт

Эми коомдук муниципалдык транспорттордо кыргыз тилинде даярдалган анимациялык фильмдер көрсөтүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспортто кыргыз тилинде даярдалган анимациялык фильмдерди шаардык каттамдардын (автобус, троллейбус) мониторлорунда коюу маселеси боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын коомдук транспортторундагы мониторлорго кыргыз тилиндеги кыска анимациялык фильмдер коюла турган болду. Ошондой эле жыйында алгачкы кыргыз тилиндеги анимациялык фильмдер өлкөбүздүн жаш балдарына арналып чыгып жаткандыгы белгиленди.