Эми даарат кагазы кымбаттайбы? Өкмөт макулатураны алып чыгууга тыюу салганы жатат

Финансы жана экономика министрлиги өлкөдөн макулатураны алып чыгууга убактылуу тыюу салганы жатат. Тийиштүү өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкуу үчүн жарыяланды.

Статистикалык маалыматтар боюнча, 2020-жылдын ичинде даарат кагазынын өндүрүшүнүн көлөмү 1570 тоннаны түзгөн жана 2019-жылдагы көрсөткүчкө караганда 49 пайызга жогорулаган. Кагаз продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылы 17 миллион 804 миң чарчы метрди түзүп, ага чейинки жылга салыштырмалуу 19 пайызга өскөн. Өндүрүштүн жогорулашы менен макулатуранын импортунун көлөмү да көтөрүлгөн.

Өнөр жай жана энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдө бир катар ири ишканалар кагаз продукциясын чыгаруу менен алектенишет. Анын ичинен «Алтын-Ажыдаар» жана «Кош тамчы» ишканаларынын берген маалыматына ылайык, ишканалар сырьенун жетишсиздигинен жапа чегишүүдө жана өндүрүш кубаттуулугу 30-40 пайызды гана түзүп калган.

Ички рынокто сырьенун тартыштыгы ишканалардын ишине терс таасирин тийгизип, ал өз учурунда өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышына, салык төлөмдөрүнүн жана жумуш орундарынын азайышына алып келиши ыктымал. Буга байланыштуу министрлик Кыргыз өлкөсүнөн макулатура чыгарып кетүүгө 6 айлык тыюу салууну сунуштап жатат.