Эми экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүн жандандыруу маселесин жергиликтүү бийлик органдары чечет

Жогорку окуу жайлар, мектептер, бала бакчалар, кинотеатрлар, кафе-ресторандар… Мындан ары, тагыраагы 1-декабрдан тарта экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүн жандандыруу маселесин жергиликтүү бийлик органдары чечүү укугуна ээ болушат. Ал үчүн тийиштүү аймактарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо талап кылынат. Бул туурасында вице-премьер Эльвира Сурабалдиева бүгүн республикалык штабдын кеңешмесинде билдирди.
«Мында беткап тагынуу режими, социалдык обочолонуу жана башка санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сөзсүз түрдө сакталышы керек. Тармактык мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү алгоритмдер иштелип чыгат. Республикалык штаб COVID-19 боюнча аймактардагы абалды көзөмөлгө алат», — деди вице-премьер-министр.
Сурабалдиева ошондой эле алдыдагы жаңы жылдык майрамдарда жамааттык иш-чараларга чектөө киргизүү, же андан толук түрдө баш тартуу маселесин иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.