УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги стадиондун курулушун тездетүүнү талап кылды.
Бүгүн, 24-июнда Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ал курулушу иштеринин жүрүшү жай болуп жатканына сынга алды жана тездетүүнү талап кылды.
«Кана ишиңер? Эми эмне кылышым керек? Мен президентке «аткардык же аткарган жокпуз» деп айтам. Эки эле сөз болот»,- деди ал.