«Эми Эсфираны эч кимге кор кылбайм». SUPERTV’нын каарманы турмушка чыкты

Сүйүнчү! SUPERTV’нын каарманы Эсфирь Касымова турмушка чыкты.

Мындан 1 ай мурда 22 жаштагы Эсфирь Касымова кайрылып, башынан өткөн оор тагдырын кыздарга сабак болсун деген максатта айтып берген эле. Дал ушул каарманыбыздын тою кечээ, 10-апрелде тар чөйрөдө өттү. Анын айтымында, өзү жөнүндөгү материал каналга чыккан соң, кайдыгер эмес адамдардан 100 миң сомдон ашык акча чогулуп, болочок жолдошу менен дал ушул канал аркылуу таанышышкан. «Эч качан турмушка чыкпайм деп ойлочумун, жолдошумду сүйдүм» деген каарманыбыз бактылуу экенин жашыра алган жок.

Ал эми репортажды SUPERTV’нын Ютуб каналынан акмалап туруңуздар.