Эми кыймылсыз мүлк сатууда салык боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым кат талап кылынбайт

Эми кыймылсыз мүлк сатууда салык боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым кат талап кылынбайт. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул чечимди бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында деп түшүндүрдү.

«24-февралдан тартып салык карызынын бар-жогу тууралуу маалымат «Кадастрда» жеткиликтүү болот. Карыз болгон учурда кыймылсыз мүлк сатып жаткандар анын суммасы жана онлайн төлөө мүмкүнчүгү жөнүндө дароо маалымат алышат. Карызды төлөгөндөн кийин алып-сатуу келишимин түзүүгө болот», — деп жазылат маалыматта.