Эми Бишкектен Батумиге түз учса болот

Эми Кыргызстандан Грузияга түз учууга мүмкүн. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти. Маалыматка караганда, Батумиге түз каттам ачылган.

Бишкек-Батуми-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамды «Эйр Манас» авиакомпниясы ишке ашырмакчы. Жаңы каттам 17-июлдан баштап, жумасына бир жолу (ишемби) жүргүзүлмөкчү.