Эми Кыргызстандын ичинде ID-паспорту жок деле уча аласыз

Кыргызстан ичинде уча турган болсоңуз, эми ID-паспортун ала жүрүүнүн кажети жок. Тагыраагы өлкө ичинде мындан ары санарип ID-паспорту менен уча аласыз. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан маалымдашты.

Ички каттамдар менен жүргөндө Tunduk мобилдик тиркемесинен паспорттун санарип түрүн көрсөтүп койсо, жетиштүү болот. Эгерде, паспортуңузду унутуп калсаңыз, мындай учурда сизге Tunduk жардам берет.