Эми өлкөдөгү бардык мектептердин кире беришинде «Билим ордосуна кош келиңиздер» деген жазуу болот

Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөт менен бөлүшүп, өлкөдөгү мектептердин кире беришинде «Билим ордосуна кош келиңиздер» деген жазуу илингенин жазып жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Билим берүү министрлигине кайрылганыбызда «мектептердин кире беришинде эми жалаң «Билим ордосуна кош келиңиздер» деген жазуу болот» деп жооп беришти.