Кечээ, 8-ноябрь күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятында жол тескөөчүлөрдүн башчысы, милициянын полковниги Асылбек Кошматов баштаган ИИМ кызматкерлери Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек Токтомушов менен жолукту.
Жолугушууда тараптар жол кырсыктарынын алдын алуу, шаардагы жол тыгындарынын себептерин талкуулап, алдыда биргеликте иш алып баруу туурасында сүйлөштү. Асылбек Кошматов учурда жол кырсыктарынын жана шаар ичинде жол тыгындарынын көбөйүүсүнүн алдын алуу максатында казыят менен эки тараптуу иштешүү зарылдыгын айтып, биргеликте иш-чараларды уюштуруу пландалып жатканын айтты. Шаар казысы Ош калаасындагы жалпы жума окулган мечиттерде имамдар жума баяндын бир бөлүгүндө унааларды унаа токтотуучу жайларга токтотуу тууралуу айтыларын жана жол тыгындарга себепкер болбоо эскертилерин билдирди.