Таштанды контейнерлеринин жанына токтотулган унаалар эвакуацияланып, айып пул салынат. Бишкек мэриясы эвакуаторлор иштеп жатканын эскертти.
Буга байланыштуу мэрдин орун басары Рамиз Алиев, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана ШИИБдин Кайгуул кызматынын өкүлдөрү катышкан рейддик иш-чаралар Көк-Жар кичи районундагы Малдыбаев көчөсүндө, ошондой эле Абай көчөсүндө рейд жүргүзүштү. Рейддин жыйынтыгында 9 унаа эвакуацияланып, айып короого жеткирилди.