Эми унааларга «SEX, MVD, LOX, OPG, ZEK» сыяктуу жазуусу бар номур берилбейт

Кыргызстанда унааларга SEX, OPG, TJK, MVD, LOX, ZEK сыяктуу өзгөчө комбинациядагы номерлерди тагууга тыюу салынды. «Унаа» мамлекеттик мекемеси менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан автоунаалар үчүн берүүгө жол берилбеген тамгалардын өзгөчө айкалышы менен мамлекеттик номурлардын тизмеси бекитилди.

Мындай аббревиатуралар уятсыз жана эки маанини түшүндүрөт деп саналган. Тыюу салынган тамгалардын комбинациясынын болжолдуу тизмесине AKC, AKS, HER, LOH, LOX, MBD, MVD, MWD, OBD, OOH, OON, OVD, OWD, SEX, TJK, UBD, UVD, UWD, UZB, XEP, XUI, XUY, BOP, OPG, AUE, VOR, ZEK кирген.