Эми Ысык-Көлдүн пляждарына көлдүктөр гана эмес, эс алуучулардын бардыгы эркин кире алат

13-майдагы “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди.

Садыр Жапаров мурда кол коюлган жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди. Жарлыкка Ысык-Көл көлүнүн пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду.
Өзгөртүүлөрдө бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.