Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү. Депутаттык комиссияга кимдер кирди?

Башкы прокурор Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранды. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев 27-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.

Депутаттар башкы прокурордун сунушу менен комиссия түзүштү. Ага төмөндөгү эл өкүлдөрү кирди.

«Мекенчил» депутаттык тобу — Данияр Төлөнов;

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан — Элдар Сулайманов;

«Ишеним» фракциясынан — Бахридин Шабазов;

«Элдик» тобунан — Кубанычбек Самаков;

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан — Алишер Эрбаев;

«Ынтымак» фракциясы — Бакыт Тентишев;

«Ыйман Нуру» фракциясынан — Султанбай Айжигитов;

«Альянс» фракциясынан — Азамат Исраилов.