«Эмнеге 180 градуска өзгөрүп жатат?». Депутат Орунтаевди түшүнбөй жатканын айтты

Жогорку Кеңештин 15-январындагы жыйынында депутат Гуля Кожокулова Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев эмнеге оюн өзгөртүп жатканына кызыкты.

«Нурдан Орунтаев менен эмне болуп жатканын түшүнө албай жатам. Бир карасаң мыйзамды, президенттин буйругун так аткарып жатканын көрүүгө болот. Азыр болсо, Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды (парилка) салууга уруксат берүүнү сунуштаган долбоорду коомдук талкууга койду. Эмне болуп жатат? Эмнеге 180 градуска өзгөрүп жатат. Ал эмне Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо боюнча президенттин буйругу бар экенин билбейби? Биз Орунтаевди жыйынга чакырып, аны угушубуз керек окшойт»,- деди эл өкүлү.