Бишкек шаарына Өзбекстандан алып келинген 210 жаңы автобус «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсынын менчиги. Мэрия аталган компанияга жеке ташуучу катары кызмат көрсөтүү үчүн муниципалдык каттамдарды аутсорсингге бергенин билдирет.

«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы ушул жылдын аягына чейин 350 даана транспорттук каражат жеткирүүнү пландап жатат. 210 жаңы автобус толугу менен каттамга кире албай жатканына элди коопсуз жана ыңгайлуу ташый турган квалификациялуу айдоочулардын жоктугу себеп болууда. Учурда компания адистешкен айдоочуларды тартуу боюнча чараларды көрүп жатат.