Эмне үчүн айрым адамдарга коронавирус жукпайт? 3 себеп

Медицина илимдеринин кандидаты Сергей Вознесенский айрым адамдар коронавирус менен оорубаганынын болжолдуу себептерин атады. Анын маалыматын «РИА Новости» жарыялады.

Адам коронавирустун башка түрлөрү менен жуккан ооруну башынан өткөргөн. Мындан улам күчтүү иммунитет пайда болгон.

Адамда башка вирустук инфекциялар менен байланышта болгондуктан жогорку деңгээлдеги интерферондор болушу мүмкүн.

Иммунитеттин, иммундук комплекстердин өзүнүн элементи болушу мүмкүн. Бул дем алуу органдарындагы жолдор аркылуу вирустардын киришине тоскоол болот.