Эмне үчүн Бишкекке жаңы келген автобустун айдоочусу жол акыга 10 сом сурап жатат? Мэриянын жообу

Жалпыга маалымдоо каражаттары USUZU жаңы автобустарында жол акы 10 сом деп жазышууда.  Борбор калаанын мэриясы бул автобустар Аламүдүн районунун аймагында каттай тургандыгын билдирет. Ал эми борбор калаанын аймагында ишке киргизилген транспорт дагы деле болсо шаардыктарды бекер ташып жатат. Бул акция ушул жылдын 1-июлуна чейин уланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. «Эске сала кетүү керек. №70 менен №71 каттам Бишкек шаарына карабайт. Ал Аламүдүн районуна карайт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары «Бишкекке жаңы келген автобустун айдоочусу жол акыга 10 сом сурап жатат» деген билдирүү калтырган эле.