Эмне үчүн айрым мектептерде 1-класстын окуучулары каникулга таратылды? Расмий жооп

Социалдык тармактын колдонуучулары айрым мектептердеги 1-класстын окуучулары каникулга чыкканын жазып жатышат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен маалымат беришти.

Маалыматка караганда, жыл сайын 1-класстын окуучуларына кошумча каникул берилет. «Негизи жылда 1 апта 1-класстарга кошумча каникул берилет. Ошону айрымдары бере баштаптыр», — дешти.

«Каникулдун датасын ар бир мектеп өзү чечеби?» деген суроого «ооба, каникул 3-чейректин алкагында берилет» дешти.