«Эмне үчүн башка?». Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси туу эмнеге өзгөртүлгөнүнө комментарий берди

1-январда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жаңы желек илинип, соцтармактын колдонуучулары эмне үчүн аянтта көтөрүлгөн жаңы туунун башка варианты болуп калганы боюнча суроо салышкан болчу.

Бүгүн, 3-январда президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасында Жогорку Кеңеш кабыл алган туу эмнеге өзгөртүлгөнүнө комментарий берди. Ал “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап акыркы вариантын токтом менен бекиткен” деп жазды.