Чүйдө жарыктын жапырт өчүрүлгөнүнүн себеби түшүндүрүлдү

17-июнда саат 19:28де Фрунзенская-Шу кыргыз жана казак энергетикалык тутумдарын бириктирген 500 кВ Л-514 линиясы өчкөн. Автоматикага каршы тутуму күч тутумуна ашыкча жүк келтирбөө үчүн иштетилди. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунан билдиришти.

Чүй облусунун Москва, Сокулук жана Панфилов райондору электр жарыксыз калышты. Энергия тутумундагы жыштык төмөндөгөн. Кайра өчүрүү саат 20:04тө болгон. Ал эми 20:55те жарык берилген.