БШК добуштардын кол санагы аяктаганын билдирди

Добуш берүүнүн жыйынтыктары саналып жатат. Анын жыйынтыгы мыйзамда белгиленген тартипте, баскычтар менен өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда БШКдагы жыйында төрайым Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары саналып бүткөн. Ал жыйынтыктар ошол жердеги бардык бюллетень, протоколдор менен округдук шайлоо комиссияга жеткирип берилген. Кол менен саноо өзүңөр билгендей, шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого юридикалык мааниге ээ болгон маалымат. Демек, бардык добуш берүүнүн жалпы жыйынтыктары кол менен саноонун жыйынтыгы аркылуу аныкталат. Округдук шайлоо комиссиялар участкалык шайлоо комиссиядагы саноолорду аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде арыздарды кабыл алып, карашат. Эгер мыйзам бузуулар болсо, арыздар берилиши керек. Алар БШКга берилиши керек», — деди ал.

Ал мындан тышкары, «эмне үчүн добуштарды кол менен саноо узакка созулуп жатат?» деген суроого жооп берди. «Кол менен саноо ар бир тилке боюнча жүргүзүлөт жана алар аяктады. Арыздарды болсо, округдук комиссия карап жатат. Кол менен саноонун жыйынтыктары системага киргизилүүдө. Бул процедура кантип жүргүзүлөт? Бардык тилкеден келген маалыматтар бир-бирден системалык администратор аркылуу кол менен системага киргизилип, жиберилет. Бардыгы кол менен болот. Кол менен саналат, кол менен системага киргизилет. Ошондуктан буга бир нече убакыт керек болот. Кол менен саноо аяктады, бирок протоколдор киргизиле элек», — деди ал.